Марал Радиосу

Кытай 6G интернетин ишке киргизүүгө бел байлады

Кытайдын Пекин шаарында мобилдик интернет тармагынын жаңы мууну 6Gны түзүү боюнча иштин башталышына арналган жолугушуу болуп өттү.

Ага Кытайдын Илим жана техника, билим берүү, өндүрүш жана маалымат министрликтери, өнүктүрүү жана реформа комитети, андан сырткары так илимдер боюнча окумуштуу, академиктер катышты.

Бул топтун чогулушу Кытайда 6G технологиясын түзүү иштери расмий түрдө башталгандыгын кабарлайт.