Марал Радиосу

Кеминде 10 күндө 9 жырткыч жаныбар жок кылынды

Чүйдүн Кемин районунда 10 күндүн ичинде 4 карышкыр, 5 чөө атылып жок кылынды. Бул тууралуу жергиликтүү аңчылар кабарлашты. Буга чейин жергиликтүү тургундар жырткычтар көбөйүп, короодогу мал-жандыктарды жеп кетип жаткандыктан аларды жок кылуу боюнча атайын мергенчилер тобуна кайрылышкан.

Акыркы маалдарда карышкырлар малга күндүздүн-күнү эле жайыттарда жайылып жүргөн жеринен кол сала баштаганын мал кармаган эл айтышат.