Марал Радиосу

Дүйшөмбиев: 500 чакырым суу түтүгүн алмаштыруу керек

Таза сууда коммерциялык да, техникалык жоготуу да бар. Ага суунун наркынын төмөндүгү жана суу түтүктөрүнүн көп жылдап алмаштырылбай келгени себеп. Бул тууралуу «Бишкексууканал» ишканасынын башчысы Бакытбек Дүйшөмбиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал белгилегендей, учурда жер астындагы 500 чакырым суу түтүгүн алмаштыруу зарыл. Негизинен жыл сайын 4-6 чакырым суу түтүгү алмаштырылат.

Оңдоо иштерине каражат жетпегендиктен сууга болгон тарифтик баалар көтөрүлгөн.

«Суунун тарифи көтөрүлсө, жеке турак жайлар үчүн суунун баасы киши башына 40 сом 57 тыйын, ал эми көп кабаттуу үйлөрдө 109 сомду түзөт. Мурда жеке турак жайлар үчүн суунун баасы киши башына 27 сом, кабаттуу үйдөрдө 68 сом болчу», — дейт Дүйшөмбиев.

Белгилей кетсек, буга чейин шаар тургундары муздак сууга 5 сом 30 тыйын төлөп келишсе, эми 15-ноябрдан тарта 8 сом 10 тыйын, ал эми мамлекеттик мекемелер 9 сом 10 тыйын төлөшөт.