Марал Радиосу

«Фейк ньюс»: Жалган маалыматтын курмандыгы болуудан кантип сактануу керек?

Интернеттин заманында «Фейк ньюс», жалган же жасалма жаңылыктар көбөйдү. Коомчулуктун пикирин өзгөртүү же негизги маселеден башка тарапка буруу максатында дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн маалымат каражаттары да жасалма жаңылыктарды жайылтуу жолун кеңири колдонорун адистер айтышат. Бул маселе Кыргызстанда канчалык актуалдуу? «Фейк ньюсту» кантип айырмалап, кандай күрөшөбүз?

Замандын өнүгүүсү менен катар эле маалымат жеткирүүнүн жолу кыйла өзгөрдү. Мындан 10-15 жыл мурун коомчулук өлкөдө, дүйнөдө эмне болуп жаткандыгы тууралуу улуттук телеканалдар, радио, гезиттер аркылуу гана билип келген. Бүгүнкү күндө инетернетте, социалдык тармактардагы маалыматтарга көбүрөөк маани бериле баштады. Бул боюнча социалдык сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.

-Бири “чындык” десе, экинчиси “жалган” деп жазат. Анан кайсынысына ишенээрге өзүмдүн да башым жетпей калат.

-Мен ишенген жана ишенбеген булактар бар. Бирок баардык эле жаңылыктарды окуп турам.

-Чынын айтсам мен жазылгандардын баарына эле ишене берем. Аларды талдоо керектиги жөнүндө да ойлонбоптурмун.

-Мен социалдык тармактарда 4-5 жаңылыктарды чыгарып турган баракчаларга катталганмын. Алардын баарын окуп, ортодон өзүмө керкетүү тыянак чыгарам.

-Мен бир эле маалымат көпчүлүк сайттарда жазылса туура деп ойлойм. Бир эле аккаунт же кандайдыр бир маалымат булагы айтса маани бербейм.

Ал эми Кыргызстандагы фейк жаңылык, колдонуучулар жөнүндө «Factcheck» порталы атайын иликтөө жүргүзгөн. Мындан улам аталган порталдын негиздөөчүсү Болот Темиров мындай ыкма 2015-жылдагы президенттик шайлоодо колдонулуп баштаганын айтты.

Кыргызстанда “троллдордун фабрикасы” түшүнүгү 2015-жылдан баштап парламенттик жана президенттик шайлоодо активдүү колдонулуп баштады. Социалдык тармактарда ар кандай «фейк» аккаунттар  пайда болуп, оппоненттер бири-бирине каршы жалган маалыматтарды тарата баштады. Массалык маалымат каражаттарынан да бурмаланган маалыматтарды кездештиребиз. Азыртадан 2020-жылы өтө турчу парламенттик шайлоого даярданып, көптөгөн саясий кыймылдар мындай терс көрүнүштү колдонууга аракет кылып жатышат.

 Темиров буга кошумча жалган маалымат тез тарап, колдоочулары көп болорун айтат. Социалдык тармакта көп бөлүшүлгөн маалыматтын чын-төгүнүн эл текшербейт.

Мындан улам, коомчулукта жарыяланган туура эмес маалыматар менен күрөшүүгө багытталган мыйзам кабыл алуу керектигин айткандар бар.

Эл өкүлү Абдывахап Нурбаев мындай кадам “сөз эркиндигин чектеп коюусу мүмкүн” деп эсептейт. Андыктан эл өкүлү жалган маалыматтын курмандыгы болуп калуудан коргонуу жолу катары жарандарды медиа сабаттуулукка үйрөтүүнү сунуштайт.

Жарандарды сынчыл көз карашка, жалган менен чындыкты айырмалаганга үйрөтүшүбүз керек. Болбосо ар кандай күчтөр коркунуч жаратат. Шайлоого да аз убакыт калды, ар ким ар кандай фейк маалыматтарды жана аккаунттарды колдонуп, бурмалоо башталат. Эгер элдин медиа сабаттуулугу жогору болсо, бардыгын өзү электен өткөрүп алат. Экинчиден, бүт маселе сөз эркиндигине келип такалат. Эгерде кандайдыр бир мыйзам кабыл алына турган болсо, сөз эркиндигине коркунуч жаратпашы керек.

 Орусиялык белгилүү блогер Николай Соболев «Фейк ньюс» жөнүндө атайын видеоролик даярдап, жалган маалыматтар менен күрөшүүнүн жалгыз жолу катары маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуу менен элдерге кандай абалда болбосун анализдөөнү үйрөтүү керектигин белгилейт.

-Туура эмес, такталбаган жана жалган маалымат бул бүгүнкү күндө бүткүл адамзаттын көйгөйү. Технологиянын өнүгүүсү менен аны таратуунун жаңы-жаңы ыкмалары пайда болууда. Бул көрүнүштү баарын жөнгө салуу жана оозун жабуу менен чечүү мүмкүн эмес. Бул жардам бербейт. Болгону маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуу зарыл. Маалымат кандай гана булактан болбосун, аны текшерүүгө элди шыктандыруу керек.

Такталбаган, иликтенбеген маалымат, жалган, жасалма жаңылык эч ким күтпөгөн жыйынтыкка алып келген учурлар бар. “Фейк ньюс” же жалган маалыматтар — коомчулуктун пикирин буруу максатында интернетте, социалдык тармактарда жана салттуу маалымат каражаттарында активдүү колдонулган ыкма. Адатта ал кандайдыр бир жеке финансылык же саясий кызыкчылыкты көздөйт.

АКШда 2016-жылкы президенттик шайлоо кампанияларында талапкер Дональд Трамптын атаандашы, “Демократиялык партиянын”  мүчөсү Хиллари Клинтон фейк маалыматтын курмандыгы болгонун айрым дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыккан.

Жалган маалыматты таркатуу үчүн негизинен социалдык тармактагы фейк аккаунттар колдонулат. Мындан улам адистер ар бир малыматты тактап, жыйынтык чыгарууга чакырат.

Exit mobile version