Биз менен байланышыңыз

Президент журналисттерге: Окуяларды чагылдырууда объективдүү болууну каалайм

Кыска кабар | 7 Ноя 2019 | 656 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-ноябрда Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы журналисттер менен басма сөз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык, чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

«Маалымат — коомдук турмуштун ажырагыс бөлүгү. Коомдун ачыктыгын, мамлекеттик чечимдердин айкындыгын, жарандарыбыздын объективдүү маалыматка болгон муктаждыгын камсыз кылууда маалымат каражаттарынын ролу эбегейсиз жогорулады. Мамлекеттеги окуяларды чагылдырууда объективдүү жана ар тараптуу болууну каалайм» , — деп айтылат куттуктоосунда.

Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, сөз эркиндиги — өлкөбүздүн негизги жетишкендиктеринин бири. Эркиндик жоопкерчиликти жана калыстыкты талап кылат.

Ошондой эле, ал журналисттердин жогорку чыгармачыл дарамет менен жасаган иштерине ыраазылык билдирди.

 

Copyright © 2017 Maral FM