Марал Радиосу

Президент мамлекеттеги окуяларды чагылдырууда объективдүү жана ар тараптуу болууну каалайт

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-ноябрда журналисттерди жана басма сөз кызматкерлерин Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалымат — коомдук турмуштун ажырагыс бөлүгү. Коомдун ачыктыгын, мамлекеттик чечимдердин айкындыгын, жарандарыбыздын объективдүү маалыматка болгон муктаждыгын камсыз кылууда маалымат каражаттарынын ролу эбегейсиз жогорулаганы өлкө башчысынын куттуктоосунда айтылат.

Сөз эркиндиги — өлкөбүздүн негизги жетишкендиктеринин бири. Эркиндик жоопкерчиликти жана калыстыкты талап кылат. Мамлекеттеги окуяларды чагылдырууда объективдүү жана ар тараптуу болууну каалайм. Сиздердин мекенчилдик позицияңыздарга, жогорку чыгармачыл дарамет менен жасаган ишиңиздерге ыраазылык билдирем”, — дейт президент.