Марал Радиосу

Трамп менен Эрдоган Вашингтондо жолугушат

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен АКШ президенти Дональд Трамп 13-ноябрь, Вашингтон шаарында жолугушат.

Эки өлкө башчысы бул тууралуу 6-ноябрдагы телефон аркылуу маек учурунда макулдашты.

Трамптын айтымында, маек жакшы өткөн жана анда «Ислам мамлекети» терордук уюмуна каршы күрөшүү тууралуу сөз болгон.

Эрдоган Трампка ИМ лидери Абу Бакр ал-Багдади жок кылынган соң Сириядан качып кеткен террорчулардын кармалганы боюнча айткан.