Биз менен байланышыңыз

Молдокасымов: Тарыхка карата мамилени өзгөртүү зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Ноя 2019 | 435 | 0

Ата-балаларды эскерүү күнүн масштабдуу деңгээлде белгилөө үчүн тарыхка карата мамилени өзгөртүү зарыл. Мындай пикирин «Мурас» коомдук фондунун төрагасы, тарыхчы Кыяс Молдокасымов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өнүккөн өлкөлөр көтөрүлүш, үркүн сыяктуу алаамат окуяларды ар дайым көз жаш менен эскеришет. Алсак, Түркия Ата Түрктүн тарыхтагы ордун сыймыктануу менен эскерет. Ал эми Кыргызстанда мындай аракеттер солгун.

Тарых өткөндөн сабак алып, туура жолго түшүү үчүн керек.

«Биз тарыхый окуяларды ар бир кыргыздын жүрөгүнө жеткире албай жатабыз. Революциядан кийин мамлекеттүүлүккө күрөшүп отуруп жеткенин, Кара Кыргыз автономиялуу облус түзгөнүн, аны андан ары өнүктүрүп союздук республикага айландырганын, ошол кездеги саясий элита билими жок болгонуну карабастан мекенчил болгонун, таза иштөөгө аракет кылганын айтып, алар менен эгемендүүлүк жылдагы саясий элитаны салыштырып көрүп, жыйынтык чыгаруу зарыл», — дейт Молдокасымов.

Анын баамында, эгемендүүлүк доордогу саясий элита илимдүү, билимдүү болгонуну карабастан мурда топтолгон байлыкты талап-тонотушкан. Андай иштерге өздөрү да аралашкан.

Молдокасымов буга кошумча учурда Кытай тарыхчылары менен изилдөө иштерин улантып жатканын айтып, кытайлык фонд менен биргелешкен илим изилдөө институн түзүү планы бар экенин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM