Марал Радиосу

«Тарых жазууда айрымдар илимий багыттан алыстап кетүүдө»

«Мурас» коомдук фондунун төрагасы, тарыхчы Кыяс Молдокасымов «Марал» радиосуна берген маегинде айрым жазмакерлер тарыхты башкача өңүттө, кээде апыртып жазып жатканын билдирди.

Анын айтымында, айрымдар тарыхты өздөрү ойлогондой жазып, илимий багыттан алыстап кетүүдө.

Молдокасымов Кыргызстан эгемендүүлүк алган соң тарыхчыларды куугунтуктаган жагдайлар жоголгонун белгиледи.

«Кээде чочулоо болуп жатты. Ачык айтуу керек, мурдагы бийликтердин тушунда 1916-жылкы Үркүн окуясын көп көтөрбөгүлө деген мезгил да болду. Бирок ага карабастан тарыхка карата мамиле эркин. Кээде ашыкча эркин болуп кетүүдө. Себеби апыртма тарыхчылар чыгып жатат. Үркүндө канча адам кырылганына эмес, окуянын тарыхтагы изине басым жасоо зарыл», — дейт Молдокасымов.

Айта кетсек, өлкөдө 7-8-ноябрь тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары эки жылдан бери белгиленип келүүдө.