Марал Радиосу

Футбол: Япония менен боло турчу оюнга билеттер сатыла баштады

Бүткүл дүйнөлүк футбол уюму (ФИФА) Кыргызстан менен Мьянма командаларынын беттешинде оюн талаасында күйөрмандын тартип бузгандыгы тууралуу маселени кароону белгисиз мөөнөткө жылдырды.

Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясы кабарлады. ФИФАнын тартип комитетинин 4-ноябрга белгиленген жыйыны өткөн эмес.

Футбол федерациясы Япония менен Кыргызстан командаларынын беттешине 8 күн калганын эске салып, бул оюнга билеттерди сатыкка чыгара баштады. Оюнга билеттер 7-ноябрдан тарта сатыла баштайт.

Квалификациялык раунддун тандоо оюндарында Кыргызстандын улуттук курамасы Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянманын командалары менен F тобуна кирген.