Марал Радиосу

Унаалардын кымбатташы Москвада чечилет

Унаа ташуучулар ассоциациясы үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргызстанга унаа ташуудагы жеңил тарифтин мөөнөтүн узартуу керек деп жатышат. Себеби буга чейин Мамлекеттик бажы кызматы 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктай турганын жарыялаган. Буга байланыштуу 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга ЕАЭБден тышкары өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кескин көбөйөт. Учурда ишкерлер бул жагдайга тынсызданып жатышат. Ал эми Экономика министрлиги жаңы жылдан тарта бажы алымы баары бир көбөйө турганын бүгүн кабарлады.

Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн кирүүчү унаалардын жеңил тарифинин мөөнөтүн 3,5 жылга узартуу керек. Мындай демилгени унаа ташуучулар ассоциациясы көтөрүп чыгып, бул ишке экономика министри эч кандай көңүл бурбай жатканын айтып нааразы болду. Унаа ташуучулар ассоциациясынын директору Нурбек Турсунбаев Кыргызстан ЕАЭБге киргенине 5 жыл болсо дагы анын 3,5 жылын көрсөтүлгөн жеңилдиктерди колдонбой өткөргөнүн айтып, буларга токтолду:

-Негизи 5 жылдын ичинде жеңилдик берилет экен. Тилекке каршы биз анын 3,5 жылын текке кетирип алыптырбыз. Биз болгону ошол жылдарды кайра кайтарып берүүнү суранабыз. Анткени үчүнчү мамлекеттен келген унаалардан түшкөн бажы салыгынын суммасы абдан чоң. 2018-жылдын 13-июлунда өкмөт атайын токтом кабыл алган. Ал токтомдо чет өлкодөн келген унаалар биздин өлкөгө кирип, кайра чыкканда бажы төлөмдөрүн төлөп, мамлекеттин казынасына акча түшүп жатат. Тактап айтканда 7 айдын ичинде 1 млрд 800 миң сом түшкөн экен. Мындан улам биз 4 маселени көтөрүп, аткарып берүү талабын коюп жатабыз.

Алар: Мөөнөттү узартуу, катталуу иштерин кыскартуу, коюлган өлчөмдөрдү 4 %дан 2 %га кыскартуу жана Япониядан келген унааларга мараторий киргизип, 3,5 жылга мурдагы баа менен киргизүү.

Ал эми айдоочулардын укугун коргоо ассоцияциясынын директору Тилек Кожокулов 2015-жылы Кыргызстан ЕАЭБге кирери менен эле үчүнчү өлкөдөн ташылып келүүчү унаалардын тарифин көтөрүп салганын айтып нааразы болду. Бирок ошол маалда Кыргызстан менен чогуу кирген Армения өлкөсүндө тарифти көтөрүү кадамы да болбогонун эске салды. Ошондой эле бүгүнкү күндө Армения бажы биримдигинен сырткары өлкөлөрдөн келген унаалардын тарифин 2020-жылдан 2023-жылга чейин жылдырып жатканын мисал келтирип, бул маселени бийлик көз жаздымда калтырып жатат деген ойдо.

-2015-жылы Кыргызстан ЕАЭБке киргенде эле ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев дароо эле унаалардын тарифтик төлөмүн жогорулатып салган. Ошондо чет мамлекеттен келген 1000дей машина кире албай абдан кыйналган. Алардын бары эле чоңдордун унаалары эмес болчу. Арасында карапайым калктын да товарлары бар эле. Ошондо биз өкмөттүн, экнонмика министрлигинин жана Жогорку Кеңештин эшигин каккылаганбыз. Жыйынтыгында азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул маселени караган. Бирок биз кийин анализ жүргүзгөнүбүздө биз менен чогуу ЕАЭБге кирген Арменияда эч кандай тариф көтөрүлгөн эмес экен. Муну кандай түшүнсө болот? Көрсө 2020-жылдын 1-январынан тарта үчүнчү өлкөлөрдөн келген унаалардын бажы салыгы көбөймөк экен да. Бийлик эл менен эсептешпейби? Караш керек, бардык шарттарды түзгөнгө кызыгуу керек.

Армения чындап үчүнчү өлкөлөрдөн келген унаалардын тарифин 3 жылга жылдырып жатабы? Аталган өлкөдө маселени кандай карап жатышат? Бул суроого юрист Адилет Азимов мындайча жооп берди.

-Армения унааларга болгон тарифтик мөөнөттү 3 жылга жылдырып жатканы туура. Бул тууралуу маалыматтар алардын мамлекеттик каналадарынан, сайттарында чыгып жатат. Армения өлкөсүнүн бийлиги 3 жылга узартуу сунушун ушул жылдын июнь айында эле баштаган. Бул боюнча документтер каралып, мыйзам чегинде парлементинде талкуу болгон. Бул менен эмнени айтууга болот? Армения ЕАЭБдин болгон мүмкүнчүлүктөрүн, жеңилдиктерин колдонуп жатат дегенди түшүндүрөт. Алар түшүнүп жатат, бул кадамдардын артында канчалаган суммалар мамлекеттин казынасына түшүп жатканын. Эмне үчүн Кыргызстан мындай кадамдарга барбай жатат? Сүйлөшүүлөрдү, мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга болот да.

Анткен менен, Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров үчүнчү өлкөлөрдөн келген унаалардын тарифтик төлөмүн көтөрүүнү 3,5 жылга жылдыруу өкмөттүн да, экномика минитринин да колунда эместигин билдирди. Бул иш бир гана ЕАЭБдин ичиндеги 5 мамлекеттин сүйлөшүүсүндө чечиле турчу маселе экенине токтолду.  Ал эми Армения өлкөсү эч кандай бажы төлөмүн 3 жылга узартпаганын жана бул маселе боюнча унаа ташуучулар ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугуп түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн айтты.

-Ушул жылдын 19-ноябрында Кыргызстан Москва шаарында үчүнчү өлкөдөн ташылып келе турган унаалардын бажы төлөмүн дагы 3,5 жылга узартуу маселесин карайт. Бирок бул иш өкмөттүн же экономика министрлигинин чечип сала турчу колундагы иш эмес да. Биз 2015-жылы 8-майда ЕАЭБке кирди деген документтерге кол коюлуп жатканда бизге 5 жылдык жеңилдетүү мөөнөтү берилген. Ал эми Арменияда башка жактан физикалык жакка же болбосо жөн эле адам ташып келүүдө аларга эч кандай жеңилдетүү берилген жок. Бул жалган маалыматтар. Ал эми тараган маалыматтарда юридикалык жактарга гана жеңилдетүү деп жазылып турат. Мындай жеңилдетүү Кыргызстанда да каралган. Арменияда салык учурда 20%, ал эми бизде 12%. Биз эч кандай жаңы тарифке өтпөй элебиз. Болгону иштеп жаткан гана тарифке кирип жатабыз. Буга чейин биз 5 жылдык жеңилдетүү гана алганбыз да. Чындыгында физикалык жакка кымбатыраак болуп жатат. Ал дегени болгону машинаны алып келет. Болду. Эч кандай документи каралбай, болгону бажы төлөмдөрүн төлөп колдонууга алышчу. Азыркы мезгилде юридикалык жактарга деле жеңилдетүүлөр бар. Маселен «Сamry» унаасы 2500 метр куб  болсо, баасы 10 миң доллар болуп, жылы 7 жылдан ашпаса 20 % бажы төлөмү төлөп калат. Бирок учурда 10% гана бажы төлөмү төлөп жатышат. Бул жеңилдетилген баа.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга ташылып келинген автоунаалардын бажы төлөмү 11 эсеге көбөйө тургандыгы тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымат тараткан болчу. Анда ушул жылдын 31-декабрында жеке адамдар тарабынан колдонуу үчүн үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинген унаалардан алынчу бажы алымдарынын жеңилдиги аяктай турганы айтылган.

Exit mobile version