Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 7-ноябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен туман түшүшү күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: 0….-5… күндүз: 1…..6 C;
Талас облусунда
түнкүсүн: 0…..-5….күндүз: 0…..5°C;
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында
түнкүсүн: 0…..5….күндүз: 6…..11°C
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: 0…..-5….күндүз: 4……9°C;
Нарын облусунда
түнкүсүн: -3….-8…..күндүз: 4…..9°C;
7-ноябрда Бишкекте күндүз күн бүркөө болуп, түнкүсүн кар жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз -2……-4°C, түнкүсүн 1..… 3°C.