Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда нандын баасы кайра кымбаттады

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Ноя 2019 | 532 | 0

Акыркы үч жумада Өзбекстанда бөлкө нандын баасы экинчи ирет жогорулады.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, 5-ноябрда көпчүлүк аймактарда нан 100-200 сумга (1-1,5 сом тегеринде) кымбаттап, айрым дүкөндөрдө 1 600 сумдан (11,6 сом), базарларда 1 700 сумдан (12,5 сом) сатылууда.


Өзбекстанда нан 2 эсе кымбаттайт


14-октябрда Өзбекстанда бөлкө нандын баасы жогорулап, 1 300-1 500 сумга (11 сомго жакын) жеткени кабарланган. Ага чейин нан 1 100 сумдан (8 сом) сатылып келген.

Ошондо бир килограмм ун 1400 сумдан (10 сомдун тегерегинде) 2000-2500 сумга (15-19 сом) чейин кымбаттаган.

2018-жылдын сентябрь айына чейин өлкөдө бир бөлкө нандын баасы 600-650 сум (5 сомдун тегерегинде) болуп келген.

Copyright © 2017 Maral FM