Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Бажыдагы процедуралардын ачыктыгы гана коррупцияны төмөндөтөт

Кыска кабар | 5 Ноя 2019 | 569 | 0

Бажыдагы бардык процедуралардын ачыктыгы гана коррупциянын тобокелчиликтерин төмөндөтөт. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусундагы «Иркештам» көзөмөл-өткөрмө жайынын ишке берилген инспектордук-кароо комплексине барган учурда билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министрге бир жүк ташуучу унааны 3 минутада текшерген инспектордук-кароо комплекстин иши тааныштырылды.

Өкмөт башчы Кытай менен чектешкен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө жайынын ата мекендик экономикадагы гана эмес, Евразиялык экономикалык биримдикке кирген бардык өлкөлөрдүн экономикасындагы ордунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Модернизациялоо товарларды декларациялоонун анык эместигине, бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүдөгү ылдамдыктын төмөндүгүнө, ошондой эле коррупциянын тобокелдиктерине байланыштуу маселелерди четтетүүнү шарттайт», — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы көзөмөл-өткөрүү жайынын модернизациялоого берген жардамы үчүн Орусия жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM