Марал Радиосу

Орусия: Фермадагы 10 миң коён өрттөнүп кетти

Орусиянын Саратов облусундагы фермада кармалган 10 миң коён өрттөнүп кетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Голубьевка айылындагы коён багуучу фермада өрт чыккандыгы тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына 5-ноябрь, түнкү саат 02:09да жеткен. Өрт жалпы 1000 квадрат метр аянтка жайылган. Өрттү өчүрүү 3 жарым саатка созулган.

Маалыматка ылайык, 10 миңден ашуун коён тирүүлөй өрттөнүп кеткен. Адамдар жабыркаган эмес. Өрттүн себеби азырынча тактала элек.