Марал Радиосу

Кыргызстандагы маяна 5 жыл ичинде 33%га өскөн

Кыргызстанда эмгек акы 5 жылдын ичинде орточо эсеп менен 33%га көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

2014-жылга салыштырмалуу 2018-жылдагы эсеп менен алсак айлык акы 33 пайызга өскөн. Эмгек акысы жогорулаган кесиптердин башында электр энергия тармагы турат. Бул тармакта иштегендердики 50 пайызга, андан кийинки тизмеден орун алган маалымат жана байланыш кызматкерлеринин маянасы 40%га жогорулаган.

Статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, учурда өлкө боюнча орточо айлык акы 235 доллар же 16451 сомду түзөт.