Марал Радиосу

Кыргызстан ок атуу боюнча Азия чемпионатына катышат

Кыргызстан ок атуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү лицензиялык Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Азия чемпионаты 3-ноябрда Катардын Доха шаарында башталып, 14-ноябрга чейин уланат.

Аталган мелдешке катышуу үчүн төмөнкү спортчулар Доха шаарына учуп кетишти:

  • Токмоков Асхат;
  • Щуковская Анастасия;
  • Махмадова Бактыгүл;
  • Кеңешбекова Айгерим;
  • Исмаилов Тахир — Башкы машыктыруучу.

Курама кошуун Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланууда. Дирекциянын бюджетинен 1 млн 180 миң сом каралган.