Марал Радиосу

Дастанбек Жумабеков Арменияга иш сапар менен барды

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган ЖКнын делегациясы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынына жана 12-пленардык отурумуна катышуу үчүн Армениянын Ереван шаарына барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, делегация курамында депутаттар Алмамбет Шыкмаматов, Тазабек Икрамов жана Алмазбек Акматов бар.