Биз менен байланышыңыз

Гүлшайыр Садыбакасова: «Кыргызстанда №1 таенемин»

Кыргыз эстрадасындагы белгилүү «Кыз Бурак» эстрада тобунун негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы  мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, коомдук ишмер Гүлшайыр Садыбакасова “Марал-шоу” программасына  келип  кызыктуу маек куруп  берди.

-Саламатсызбы, Гүлшайыр айым? Ордолуу Ош шаарынан  кош келдиңиз!

-Саламатчылык, кушубак болсун!

-Атактуулукту, тоодой  эмгекти   багындырыш  үчүн  кандай  курмандыктарга  бардыңыз  эле?  

-Аябай  чоң кадамдарга барган  жокпуз. Талыкпастан изденүү, чарчабай эмгектенүү, ийгиликтер үчүн  күрөшүү жана багындыруу мына бүгүнкү бизди  атак -даңкка, тарыхый чоң жолго жетелеп  келди десем жаңылышпайм.

-Көкүрөгүңүз көксөгөн нерселердин  баарына  жете  алдыңызбы?

-Адамзат эч качан жашоодогу өзүн коштогон жакшылыктарга, жамандыктарга  тойбойт. Ошондой эле  бир нерсеге жеттим, токтоттум деген  адамдын  пейилине жарашпаса керек деп ойлойм. Ошондуктан чоң бийиктиктерди  багындырсак дагы жүрөктүн түпкүрүндө «и-и ушул иштерди кылсак»деген ойлор бар.

-Аталган топто канча уул, кызды тарбияладыңыз?

-350 кыз, 60ка жакын балдарды  тарбиялап  чыгарганбыз. Ар бири менен жакшылыктарда  көрүшүп турабыз. Биринчи  курамдын кыздары мени менен тең болсо дагы азыркыга  чейин көз салып, көңүл буруп, арыз-муңун угуп келем. Бул деген  чоң бактылуулук да. Ошондуктан  мен  «Кыргызстанда  № 1 таенемин»  деп  көп айтам (күлүп).

-Балдарды тарбиялоодо тажрыйбаңыз мол экен. Жаш жубайларга  тарбия жаатында кандай кеңеш бересиз?

-Баланы бала деп эч убакта теңсинбей коюу – бул  туура эмес! Анын ою жана пикири менен  бирге  болуш керек. Катасы болсо оңдоп турушубуз керек, туура жолдо бара жаткан  болсо мактап туруу абзел. Бул кичинекейге аба  менен  суудай керек!.

Рахман Разыков досум дайыма «ай, сен дайыма бир колуңа шоколад, бир колуңа камчы кармап турасың. Сен мыкты жетекчисиң» деп айтып калат эле. Демек, тең салмактуулук  сөзсүз кармалышы керек.

-4 мезгилдин  кайсынысы  сиздин  жан дүйнөңүзгө жакын жана кайсы убакта жакшы  илхом келип, ийгиликтерди  жарата  аласыз?

-Менин  мүнөзүм өзү ошол төрт мезгилди  камтыйт. Илхом  бир учурда  келет, музыкалык билимим  бар  үчүн мен дароо  фортепьяного олтуруп, жан дүйнөм менен берилип, ноталарда  жашап анан түшүрүп калам.

-Канча обон жараттыңыз ушул  күнгө чейин?

-200гө жакын обон жаралды. Ошолордун ичинен 50дөй ырларым кыргыз эстрада ырчылары  жана «Кыз Бурак» тобунда аткарылып жүрөт.

-Үй-бүлө  деген сөздү кандай түшүнөсүз? Дегеним, азыркы убакта пайдубалы бат ураган  жубайлар көп кездешет…

-Бул бир чакан мамлекет да. Мамлекет бекем болсо, үй-бүлө дагы  бекем  болот. Анан бакыт-таалай, ырыскы келет. Эки тарап бири-бирин угуп, кечирип, сыйлап, сүйө  билиш керек. Эгерде «сен  кыйын, мен кыйын, сеники эмес, меники  туура»деп акыйлашса анда ал үй-бүлөдө эч нерсе  болбойт. Акыры түбү ажырашып тынат. Анан бүлөгө үчүнчү жак аралашпаш керек. Кайнене, бала  тарап анан  келин  тарап  болбостон калыстыгын  айтса жакшы болот. Болуп жаткан  нерсени чындыктын  гана  мизи  менен  чечип турса, келинди  кызы  катары  кабыл  алып, үйрөтүп, ошол үйдүн куту  катары бирдей мамиле жасап турса  анда  чакан мамлекет  бекемделет.

-Чоң рахмат, Гүлшайыр айым! Сизге ден  соолук жана күч-кубат каалайбыз.

-Чакырганыңыздар үчүн сиздерге рахмат.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    05.11.2019 19:48

    Гулшайыр эженин жердеш болом иниси Абжалил менен тентушпуз, уй булоосун жакшы билемин биз окуган мектептин жанында жашашчу.
    Айтайын дегеним, ар турдуу кесипти ээлери болушканы менен ото талантуу уй було. Эжебиз айылдан чыгып оз кучу менен ушунчалык атак данка жеткени учун таазим кыламын. Эжеке онорунуз арта берсин.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM