Марал Радиосу

Журналист Чынара Токонова оорудан улам каза болду

Журналист Чынара Токонова бүгүн, 4-ноябрда Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болду. Бул тууралуу маркумдун кесиптештери «Фейсбук» баракчасына жазышты.

Чынара Токонова кечээ, 3-ноябрда инсульт алып, ооруканага жаткырылган. Ал эми дарыгерлер журналист операцияны көтөрө албай турганын айтышкан.

Чынара Токонова акыркы кезде «Булан» институтунда иштеп жаткан. Ага чейин КТРКда, НТСте, «Интерньюстун» теледолбоорлорунда эмгектенген.

Чынара Токонованын жакындарына жана кесиптештерине «Марал» радиосунун жалпы жамааты көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.