Биз менен байланышыңыз

Бийбосунов «CIT-Терминал» менен кызматташуунун жол картасын иштеп чыгууну сунуштады

Кыска кабар | 4 Ноя 2019 | 332 | 0

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосуновдун Заманбап контейнерлер терминалы «CIT-Терминал» Ачык Акционердик Коомунун башкаруучусу Валерий Денисов менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ тараптардын соода-экономикалык кызматташуусун күчѳтүү ошондой эле, Кыргызстандын айыл-чарба азыктарынын жана Свердлов облусунун кардарлар ичинде кеңири колдонулуучу товарларынын ѳндүрүүчүлѳрүнүн ортосунда тикелей байланыштарды ѳнүктүрүү жѳнүндѳ маектешүү болду.

Терминалдын башкаруучусу Денисов контейнер терминалынын жүктѳрдү кабыл алуу, аларды сактоо, тандоо жана таркатуу иштерине, ошондой эле фитосанитардык документтерди тариздѳѳгѳ ар тараптан ылайыктуу жай экендигин маалымдады.

Терминалдын Кыргызстандан келе турган товарларды бѳлүштүрүү иштерине карата атайын борбор уюштуруу мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгиледи. Атайын борбордун уюштурулушу аркылуу товар ташуучулардын жүктѳрдү тариздѳѳгѳ жана аларды Екатеринбургдун, Свердлов облусунун ири соода борборлоруна бѳлүштүрүүгѳ байланыштуу финансылык чыгымдарын азайтууга, убактысын үнѳмдѳѳгѳ шарт түзүлмѳкчү.

Башкы консул Бийбосунов Кыргызстандын ѳндүрүүчүлѳрүнүн жана жүк ташуучуларынын аталган терминал менен кызматташуусунун механизмин жана ѳз ара иштешүүсүнүн Жол картасын иштеп чыгуу максатында кызыктар тараптардын жолугушуусун уюштурууну сунуштады.    

 

Copyright © 2017 Maral FM