Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Жүк бажы көзөмөлүнөн кантип өткөнүн көрүүгө ар кимдин мүмкүнчүлүгү болушу керек

Кыска кабар | 4 Ноя 2019 | 730 | 0

Жүктү кароо үчүн жаңы орнотулган стационардык инспектордук-текшерүүчү комплекс Бажы кызматынын ишин ыкчамдатууга жана анын ачык болуусуна шарт түзөт. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусунда жайгашкан «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышуу маалында билдирди.

Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча «Жол картаны» жүзөгө ашыруунун алкагында Орусия тарап «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктуна материалдык-техникалык жабдууга 120 млн доллар бөлгөн.

Премьер-министр «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайындагы бажы жана чек ара кызматтарынын иши менен таанышып, бажы кызматынын ишине киргизилген жаңылыктар кыйла жакшы жана ыкчам иштөөгө шарт түзөрүн баса белгиледи.

«Канча жүк кетип жатат, канча өлчөмдө, бажы көзөмөлүн кантип өткөнүн көрүп турганга ар кимдин мүмкүнчүлүгү болушу керек. Жаңы тутум ишкерлердин убактысын үнөмдөйт. Алар тез келип, товарларын каттатып жана бардык ченемдерге ылайык келсе, өткөрмө жайынан бюрократиялык тутумдарсыз жүрүп кете алышат», — деди Абылгазиев.

Бүгүнкү күнү учурдагы 14 көзөмөл-өткөрмө жайынын ичинен 12си модернизацияланган. Алардын алтоо стационардык инспектордук-көрүү комплекси менен жабдылган. 5-ноябрда «Эркештам» өткөрмө жайынын ачылышы болот.

Copyright © 2017 Maral FM