Марал Радиосу

Кыргызстандын балы, кургатылган жемиштери Катардын көргөзмөсүнө чыгарылды

Кыргызстандын жогорку сапаттагы табигый балы менен кургатылган экологиялык таза мөмө-жемиштери “Жибек-Жолу” көргөзмөсүнө коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти кабарлады.

“Маңыз” компаниясы Катардын “Виллажия” соода борборунда өзүнүн атайын дүкөнүн ачкан. Кыргызстандын экспорттук азыктарын Катар Мамлекетине жайылтуу үчүн Кыргызстандын аталган өлкөдөгү Элчилиги компаниянын жогорудагы көргөзмөсүнө көмөк көрсөттү.

Андан тышкары, көргөзмөнүн алкагында Элчиликтин өкүлдөрү кыргыз азыктарын Катарга экспорттоого кызыкдар компаниялар тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.