Марал Радиосу

Мектептерде каникулдар башталды

Бүгүн, 4-ноябрдан тарта Кыргызстандын бардык мектептеринде күзгү каникул башталды. Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, бир жумалык эс алуудан кийин 11-ноябрда окууга барышат.

7-8-ноябрда Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленип, эс алуу күнү болот.