Марал Радиосу

Бөрүбашев: Өкмөт гана эмес, бардык бийлик бутагы чабал

Саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде Кыргызстанда бир гана өкмөт эмес, баары чабал экенин билдирди.

Анын айтымында, парламентик жоопкерчилик жок болуп, начар өкмөт куралууда.

«ЖК кыйратып жибердиби? Парламент өкмөттүн ишине жооп бериши керек. Аткаруу бийлиги отставкага кетсе, ЖК да тарап кетиши абзел. Депутаттар өзүнө керек болгондо Батыш, Чыгыштын тажрыйбасын айтышат да, кереги жок болсо унчукпай калышат», — дейт Бөрүбашев.

Ал мындан сырткары президент Сооронбай Жээнбеков чарбалык иштерге аралашуу менен Башмыйзамды бузуп жатканын эске салды.

«Бийликтин булагы эл эмес, пратиянын башчысы болуп жатат. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, башаламандыктардын баарын ордуна коюу керек», — дейт саясат талдоочу.