Марал Радиосу

Атамекендик айыл чарба азыктарынын экспорту өстү

Быйыл атамекендик айыл чарба азыктарынын экспорту өстү. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди.

Калысбек Жумаканов билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен атамекендик азык-түлүктүн экспорту төрт позиция боюнча өскөн: сүт, эт, балык жана балды экспорттоо. Былтыркы жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу сүттүн экспорту 5 миң 200 тоннага, балык жана эт 1 миң тоннага, ал эми бал 38 тоннага өскөн.

Ошондой эле ал атамекендик азыктардын улуттук макамга ээ жана бардык эл аралык талаптарга жооп бере тургандыгын кошумчалады.