Марал Радиосу

Филиппиндеги 2 жер титирөөдөн каза болгондордун саны 21 кишиге жетти

Филиппиндеги бул жума ичинде болгон эки ири жер титирөөдө каза болгондордун саны 21 кишиге жетти. Бул тууралуу Philippine Daily Inquirer басылмасы жазды.

Буга чейин 15 киши каза болгондугун жана 403 киши жабыр тартканын билдирген болчу.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн кесепетинен 30 миңге жакын курулуш, диний мекемелер, медициналык борборлор, мектептер ошондой эле 20дан ашуун жолдор жана көпүрөлөр зыян тарткан.

Күчү 6,6 жана 6,5 баллга жеткен жер титирөө Филиппиндин Минданао аралында 29-30-октябрда катталган.