Марал Радиосу

Казакстандын билим берүү министринин орун басары канча айлык аларын айтты

Казакстандын билим берүү жана илим министринин орун басары Шолпан Каринова өзүнүн эмгек акысынын өлчөмүн айтты. Бул тууралуу  Тengrinews.kz басылмасы билдирди.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: «Бизде эмгек акы алуу тартиби мамлекеттик кызматтагы тажрыйбадан көз каранды болот. Бүгүнкү күндө мен 600 миң тенге (1543 доллар) эмгек акы алам», — деди.

31-августта Шолпан Каринова билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалган.