Биз менен байланышыңыз

Иранга айыл чарба азыктарын ташуунун келечеги талкууланды

Кыска кабар | 2 Ноя 2019 | 343 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ташкент шаарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Эсхак Жахангири менен жолукту.

Тараптар эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Ага ылайык, өкмөт башчылар өз ара кызыкчылык жараткан тармактарында кызматташууну тереңдетүүгө эки жактуу кызыкдар экенин билдиришти.

Анын ичинде Иранга айыл чарба жана мал чарба продуктуларын ташуу көлөмүн көбөйтүү келечеги талкууланды. Мындан тышкары тараптар газ, мунайзат, транспорттук-логистикалык, туризм чөйрөлөрүндө, жарандык авиация жаатында алака түзүү боюнча пикир алышышты.

Эсхак Жахангири эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө жаңы дем берүү жана биринчи кезекте өлкөлөрдүн соода-экономикалык кызматташуусун жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого даярдыктарын билдирди.

Ошондой эле кыргыз тарапка өлкөлөр ортосундагы визалык режимди жеңилдетүү жөнүндө маселени кароону сунуш кылды.

Кызматташтыкты кеңейтүүнүн алкагында жакынкы мезгилде артыкчылыктуу багыттар боюнча өлкөлөр ортосундагы кызматташтык маселелеринин деталдарын иштеп чыгуу үчүн өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болот.

Эсхак Жахангири Абылгазиевди ыңгайлуу учурда Иранга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өкмөт башчылар соода жүгүртүүнүн учурдагы көлөмү өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын азыркы дараметине жана мүмкүнчүлүктөрүнө толук кандуу жооп бербестигин айтып, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине биргелешкен иштерди активдештирүүнү тапшырышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM