Биз менен байланышыңыз

Тажикстанга кетип, жоголгон ишкер: Сабап, токко тарттырышты

Кыска кабар | 2 Ноя 2019 | 453 | 0

Тажикстандын «Чорку» базарына кетип, дайынсыз жоголгон баткендик 34 жаштагы ишкер Асылбек Каримов 1-ноябрда Кыргызстанга аман-эсен кайтарылды.

Маалыматка караганда, аны Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү түнкү саат 1:00 чамасында алып келишкен. Баткен облусунун жетекчисинин орун басары Кеңеш Салихов ишкерди тажикстандык күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Кыргызстандын чек арачыларына өткөрүп бергенин билдирген.

Асылбек Каримов туугандары менен Turmush басылмасынын Баткендеги кеңсесине келип, окуянын чоо-жайын айтып берген.

Маалыматка ылайык, Каримов 24-октябрь күнү саат 11:00 чамасында Тажикстандын «Чорку» базарына азык-түлүк алганы барган.

«Базарда турсам Тажикстандын бир жараны мени сүзүп өттү. Кайра артына кайрылып келип, «эмне үчүн мени сүзөсүң?» деп атырылды. «Мен эмес, сен өзүң сүздүң го» десем жөнөкөй эле кийимчен 2 жигит мени алып кетишти. Көрсө алар милиция кызматкерлери экен. Алар мени жетелеп бара жаткан учурда иним телефон чалып калды. Сүйлөшөйүн десем телефонумду алып коюшту», — дейт Каримов.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери Каримовду Тажикстандын Исфара районуна алып барып, ар кандай суроолорду берип, тынымсыз урушат.

«Андан соң соттон мени 15 күнгө камаган чечим чыгарышты. Кечке маал башыма арчыгычты (полотенце) жаап, үстүнөн скотч менен ороп, унаага салып алып жөнөштү. Жолдон башымды бошотууну сурансам дагы уруп, мурдум канап кетти. Дагы бир жерге алып киришти. Ал жерде 7-8 кызматкер бар экен. Алар кезектешип башымды дубалга сүздүрүп, туш келген жериме урушту. Түнкү саат 1-2 чамасында башыма дагы арчыгыч жаап, скотчтоп, башка жакка алып барышты. Бутумду жип менен байлап, колума кишен салып, жерге жаткырышты. Бирөө буту менен башыма чыгып, бирөө үстөмө чыгып, колумду байлап, токко тарттырышты. Андан кийин бир топ кыргыздардын сүрөттөрүн көрсөтүп, «буларды тааныйсыңбы?» деп кыйнашты. Ыйлап, бакырып жатып тамагым бүтүп калды. Мен өлдүм окшойт деп, жашоодон үмүтүм үзүлдү. «Үйдөгүлөргө телефон чалайын, кайсы жерде экенимди айтып коеюн» десем «аларга билдиргенбиз» деп коюшту.

24-октябрда күнү-түнү уктатпай кыйнашты. Ошентип 10 күнгө жакын алардын токмогун жеп жаттым. Жер төлөгө түшүрүп, бут кийимимдин боосун чечип алып коюшту. Кийимдеримди чечип, жылаңач кылып урушту. «Силер эмне максатта уруш чыгарасыңар? Силерде кимдер лидер?» деп сурап уруп жатышты. Ачка болгондо өздөрүнөн арткан чайдан берип коюшат. Телефонумдагы Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чек арасында уруш болгондо тартылган видеолорду көрүп, «сен лидерсиң» деп да кыйнашты.

Кечээ, 31-октябрда түнкү саат 23:00 чамасында алар «доо-арызым жок деп жаз» деп, орусча, тажикче, кыргызча түшүнүк кат жаздырышты. Балдарымды көрбөй калат окшойм деп үмүтүм үзүлүп жатканда кайра кетет окшойм деп сүйүндүм. Исфарадан мени бир унаага салып, Кызыл-Белдеги чек ара пунктуна алып келишти. Ал жерден жакындарым тосуп алды. Азыр буттарым, башым, денем ооруп, титиреп жатам. Бийликтегилер тажик тараптын кыргыз жигиттерин урганы боюнча чара көрүшү керек», — дейт жабырлануучу.

Асылбек Каримовдун 80 жаштагы атасы Рахим Каримов «баласы Тажикстанга аткезчилик менен алектенгени үчүн барган» деген сөздөр калп экенин айтты.

«Балам дайынсыз болуп, 9 күн дегенде араң табылды. Абалы начар, уруп, токмоктошуптур. Мамлекет өз жаранын коргой албай жатат. Менин балам аткезчилик менен Тажикстандагылардын колуна түшкөн эмес. Тажикстандын «Чорку» базарына азык-түлүк алганы барганда алар өздөрү түртүп өтүп, анан алып кетишиптир», — дейт.

Ал эми жабырлануучунун агасы Сами Каримов иниси ооруканага жаткырыла турганын айтты. Ал тажик тарап Асылбекти уруп, кыйнап, токко тарттырганын эске салып, бийлик бул маселени колго алышы керектигин айткан.

«Инимди кармап кетишкенден кийин жергиликтүү бийликке, укук коргоо органдарына кайрылсак, эч кандай маалымат бере алышкан жок. Тааныштарыбыз аркылуу Асылбектин кайсы жерде кармалганы боюнча маалымат алдык. Көрсө, 15 күнгө камоо боюнча соттон токтом чыгыптыр. Аны угуп, облус башчысы Акрам Мадумаровго кайрылдык. Кечинде бизге «Иниңди алып келе жатышат. Кызыл-Бел айылына баргыла» дешти. Бизге ал жактан инимди чек арачылар беришти. Инимди ооруканага жаткырабыз. Ден соолугу начар», — дейт Сами Каримов.

Буга чейин 29-октябрда Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Тумшук айылынын 1985-жылы туулган тургуну Асылбек Каримов 5 күндөн бери дайынсыз болуп жаткандыгы кабарланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM