Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев ШКУ өкмөт башчылар кеңешинин отурумуна катышууда

Кыска кабар | 2 Ноя 2019 | 355 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда. Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Ага ылайык, жыйындын күн тартибинде ШКУнун ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө багытталган соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү бир катар маанилүү маселелер белгиленген.

Тар жана кеңири курамда өтө турган отурумдун жыйынтыгы боюнча бир нече документке кол коюу пландалган.

Эске салсак, Шанхай кызматташтык уюму туруктуу аракеттеги өкмөттөр аралык уюм болуп саналат. 2001-жылы 15-июнда Шанхайда Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан тарабынан негизделген.

Учурда ШКУга  8 өлкө мүчө. Алар — Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM