Биз менен байланышыңыз

Ошто карыларга мончо жана чачтарач кызматтары көрсөтүлө баштады

Кыска кабар | 31 Окт 2019 | 649 | 0

Ош шаарынын мэриясы мамлекеттик социалдык заказдын алкагында, шаардагы турмуштук оор кырдаалда калган улгайган жарандарга социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү мончолордун жана чачтарач кызмат көрсөтүүлөрү башталганын маалымдады.

Турмуштук оор кырдаалга кабылган улгайган жарандар жашаган жери боюнча Ош шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктарына жана Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына чачтарач жана мончо кызматтарын пайдалануу үчүн социалдык талонду алууга жазуу түрүндө арыз менен кайрылышса болот. Арызга арыз берүүчүнүн социалдык кызмат көрсөтүүнү алууга укугун ырастаган төмөндөгү документтерди тиркөөсү зарыл:

  • Арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү;
  • Кызмат көрсөтүүнү алуучунун паспортунун көчүрмөсү (эгерде социалдык кызмат көрсөтүүнү алуучу арыз берүүчү болуп эсептелбесе);
  • Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугун ырастаган документтер (Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынан жана муниципалдык аймактык башкармалыктан маалымкат).

Социалдык талондорду берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы жана муниципалдык аймактык башкармалыктар кабыл алышат жана арыз ээсине маалымдайт.

Социалдык талон менен бирге социалдык кызмат алуучуларга социалдык кызматты ала турган мончолордун жана чачтарачканалардын тизмеси берилет. Социалдык талон алган улгайган жарандар көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде өз тандоосу боюнча кызмат берүүчүлөрдүн тизмесиндеги мончо же чачтарачканага барып акы төлөө катары социалдык талонду берип кызматтан пайдаланууга укуктуу.

Эгерде берилген социалдык талонду социалдык кызматты алуучу жаран социалдык кызматты алуу үчүн үчүнчү жактарга (башка адамга) бергендиги аныкталган учурда ал талон жараксыз деп эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM