Марал Радиосу

Баткенде дарыгерлердин иш таштоосу Жогорку Кеңеште айтылды

Депутат Бакыт Төрөбаев Баткен облустук ооруканасынын дарыгерлеринин 92 пайызы иш таштагандыгына токтолуп, бул бийлик бутактарына кагылган коӊгуроо деп белгиледи. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңешин бүгүнкү отурумунда айтты.

“Бул керек болсо улуттук коопсуздукка шек келтирет”, — деди депутат. Төрөбаев алардын жазган арыздарында айлык маянанын аздыгы, тиешелүү шарттардын жоктугу, эӊ башкысы негизсиз текшерүүлөр болуп жатканы айтылганына көӊүл бурду.

Эл өкүлү бул жагдай Баткенде ачык көтөрүлгөнү менен өлкөнүн башка аймактарында дагы курч турганын баса белгиледи.