Марал Радиосу

Кыргызстан тазалык боюнча эко-акцияда алдыңкы орунга чыкты

Кыргызстан 180 мамлекеттин ичинен Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата эко-акцияда биринчи орунду камсыздады. Бул тууралуу “Эко-Деми” коомдук фонду кабарлайт.

“Let’s Do It” эл аралык уюмдун башкы кеңсесинен Кыргызстандагы “Эко-Деми” уюмуна расмий кат келген. Анда акцияда Кыргызстандын алдыңкы орунга татыганы белгиленген.

Кайрылууда уюмдун башчысы Ева Труверк ири акция катары саналган “Let’s Do It” иш чарасында Кыргызстан планетанын булганышына каршы күрөшүүгө жакшы салым кошконун жана жакшылыктын булагы болуп калганын белгилеген.