Биз менен байланышыңыз

Ош: 9 айда жергиликтүү бюджетке түшүүчү салык 15, 6 млн. сомго көп чогултулду

Кыска кабар | 30 Окт 2019 | 452 | 0

Ош шаарында 9 ай ичинде 3 млрд. 242,4 млн. сомдук өнөр жай продукция өндүрүлүп, 2018-жылдын ушул мезгилине карата физикалык көлөмдүн индекси 101,5 пайызды түздү. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө трансферттерди жана атайын каражаттарды кошпогондо 2 млрд. 143 млн. 830 миң сомдук план жеткирилсе, 2 млрд. 211 млн. 798 миң сом жыйналып, 103,2 пайызга, же 67 млн. 968 миң сомго көп жыйналган. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө трансферттерди жана атайын каражаттарды кошпогондо, жеткирилген план 821 млн. 313 миң сомду түзүп, 836 млн. 919 миң сом жыйналды. Тагыраагы 15 млн. 605 миң сомго көп чогултулган. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Саибжан Турдуев билдирди.

Жыйында мэрия тарабынан атайын комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берилип, борбордук базарда, автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберди” базарында көпчүлүк соодагерлер салык патентин албагандыгы айтылды.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов көмүскө салыктарда ачууда иш солгун жүрүп жатканын айтып, шаардык салык кызматынын башчысына салык топтоого өзгөчө көңүл буруу керектигин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM