Марал Радиосу

Президент Михаил Швыдкой менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-октябрда, Орусиянын президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди

Мамлекет башчысы бул жолугушуу Кайчылаш жылды өткөрүү боюнча кийинки кадамдарды аныктоого мүмкүндүк берип, орусиялык кесиптештери менен туруктуу жолугушуулар өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарарын баса белгиледи.

Ал эми Михаил Швыдкой жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, орусия тарап Кайчылаш жылдын алкагындагы иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүүгө максат койгонун белгиледи.

«Ушул жыл биздин кызматташтыктын бардык тармактарын камтыганы маанилүү», — деди Михаил Швыдкой.

Эске салсак, ушул жылдын 28-мартында Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки мамлекет башчылары тарабынан 2020-жылды Кыргызстанда Орусиянын жана Орусияда Кыргызстандын Кайчылаш жылы деп жарыялоо чечими кабыл алынган.