Марал Радиосу

МАГАТЭге жаңы башчы дайындалды

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору катары аргентиналык Рафаэль Гросси дайындалды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Мындай тандоону 24 өлкө колдогон.

«Мен үчүн эң маанилүүсү — уюмга мүчө өлкөлөргө кепилдик бере алганым, мен эч кимге көз каранды эмесмин жана эч кандай басымга баш ийбейм»,- деди Гросси.

Рафаэль Гросси 1961-жылы Буэнос-Айресте туулган. Женева университетинде доктор наамына ээ. Саясатчы буга чейин Аргентинанын Бельгия, Австрия сыяктуу өлкөлөрүндөгү өкүлү кызматын аркалаган. Андан сырткары, Иран жана Түндүк Кореяда атомдук энергия маселелери менен алектенген.

Эске салсак, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башкы директору Юкия Амано 22-июлда 72 жашында каза болгон соң, башкы директордун милдетин убактылуу румыниялык Корнела Феруцэни аткарып турган. Рафаэль Гросси кызматына расмий түрдө 2-декабрдан баштап киришет.