Марал Радиосу

Борбордо энергия үнөмдөөчү имараттарды курууга үйрөткөн иш-чара өтөт

Эртең Бишкекте “Энергияны үнөмдөөчү имараттар үчүн инновация: чет өлкөлөрдөгү жана Кыргызстандагы азыркы практикалар” аталышында эл аралык семинар өтөт. Ага украиналык жана швейцариялык эксперттер катышат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Иш-чаранын башкы максаты — Кыргызстанда турак-жайларга жана коммерциялык имараттарга инновациялык жаңылыктарды киргизүү болуп саналат. Архитектура тармагындагы дүйнөлүк адистер менен жылуулукту үнөмдүү сарптаган имараттарды долбоорлоо жана куруу жаатында тажрыйба алмашуу максаты да иш-чарада камтылган.

Мындан сырткары, Кыргызстандагы учурдагы курулуш чөйрөсүндөгү тенденция талкууга алынмакчы.