Марал Радиосу

Икрамжан Илмиянов 7 жылга кесилди

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов жети жылга эркинен ажыратылды.

Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарды. Чечимге ылайык, тергөөдө камакка алынган мүлктөрдүн баары мамлекетке өзгөртүүсүз чегериле турган болду. Айыпталуучу Илмиянов буга чейин сотто өзүнө тагылган айыптардын бирин да мойнуна албай турганын айтып келген.


Икрамжан Илмиянов: Мага тагылган айыптарды моюнума албайм


Сотто көрсөтмө берген 40 күбөнүн ичинен болгону партиялашы Чыныбек Анарбек уулун гана тааный турганын айткан болчу. Аны да партиялаш катары эле билгенин, ал Кыргызстан социал-демократтар партиясынын штабында иштегенин белгилеген.

Ал ошондой эле, белоруссиялык фирма тууралуу кылмыш иштин материалы аркылуу гана билгенин кошумчалады.

Икрамжан Илмиянов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо демөөрчүлүк жардам катары “Дизель комплект” ишканасынан 150 миң доллар алган деп айыпталган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал “БелАЗ” үлгүсүндөгү 12 даана унаасы камакка алынган белоруссиялык «Дизель комплект» компаниясына 150 миң доллар суммадагы каражатка жардам көрсөткөн.