Марал Радиосу

Маматалиев: кытайлар тууралуу ачык эле айтып салдым

Стратегиялык мааниси бар жерлерди кытайларга колдонууга берүү туура эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Эл өкүлү өз ишмердүүлүгүндө Кытай тараптан демилгеленген иш-чараларга тоскоолдук кылып келерин белгилеп, анын себебин төмөнкүчө түшүндүрдү.

«Себеби алардын эң негизги багыты — Кыргызстанга насыя берип, карызга батырып, төлөй албай калган убакта, баарын алуу. Мен ачык эле айтып салдым», — деди Маматалиев.