Биз менен байланышыңыз

Шайлоо босогосун төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Кыска кабар | 29 Окт 2019 | 454 | 0

Шайлоо босогосун төмөндөтүү, күрөөгө коюлуучу акчанын суммасын төмөндөтүү жана башка өзгөртүүлөр сунушталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  мыйзам долбоорлору ушул жылдын 29-октябрынан тартып коомдук талкууга коюлду«, — деп айтылат маалыматта.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери: Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жеенчороев, Исхак Масалиев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко жана Дастан Бекешев.

Эске салсак, парламенттик шайлоодогу партиялардын парламентке келишин шарттаган 7 пайыздык босого 9 пайызга көтөрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM