Марал Радиосу

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Түп-Каркыра жолун оңдоого 55 млн. доллар бөлөт

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбор Азиядагы регионалдык катнаштарды жакшыртуу программасынын 3-фазасын каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Аталган долбоордун алкагында “Түп-Каркыра көзөмөл өткөрүү жайы” унаа жолун, Каркыра капчыгайында жайгашкан туристтик лагерге алып баруучу жолду калыбына келтирүү, жолду тейлөө үчүн керектүү жабдыктарды сатып алуу, жарандык авиация агенттигинин учуу коопсуздугун көзөмөлдөө жана Кыргыз авиация институтунун мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу каралууда.

Мындан сырткары, долбоордун алкагында беш туристтик кызмат көрсөтүү борборлорун куруу жана Ысык-Көл областынын Түп жана Ак-Суу райондорунда коомдук деңгээлдеги геопарктарды түзүү жана өнүгүүсүн колдоо компоненти да каралган.

Каржылоо шарттары: