Connect with us

Трамп Зеленскийди “Орусиянын жаңы президенти” деп айтып алды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Окт 2019 | 1130 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп импичмент иштери боюнча пикирин билдирип жатып, украиналык кесиптеши Владимир Зеленскийди «Орусиянын жаңы президенти» деп атап алды. Анын айтканын колдонуучулар твиттерден бөлүшүп, талкууга алышты.

Белгилей кетсек, Трамп пикирин билдирип жатып: «Алар менин маегимдин стенограммасын жарыяларымды билген эмес. Жарыялаган соң, Конгресс палатасынын чалгындоо комитетинин жетекчиси Адам Мифф мурунку докладын жокко чыгарган. Андан сырткары, Орусиянын жаңы президенти Зеленскийди жакшы адам деп билем, маек учурунда ага эч кандай коркутуулар болгон эмес», — деп жаңылып алган.

Импичмент жарыялоо демилгеси Трамптын украин президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин көтөрүлгөн. АКШ Конгресси Трамп украин президентин өз тарабына тартууда Украинага аскердик жардам берүүнү токтотуп коюу менен коркутушу мүмкүн деп эсептейт. Ошондой эле, Трамп Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө АКШнын мурдагы вице-президенти, учурда президенттик шайлоого аттанып жаткан Трамптын башкы атаандаштарынын бири — Жо Байденге жана анын уулуна карата Украинада иликтөө жүргүзүүнү талап кылган. Бирок Трамп бул өтүнүч экенин, эч кандай кысым көрсөтүү болбогонун билдирген.


Трамп импичмент тууралуу пикирин айтты (видео)


Буга чейин Ак үй Трамптын Зеленский менен сүйлөшүүсүнүн стенограммасын жарыялаган. Ага ылайык, июлдун аягында Трамп украин лидеринен Байдендин уулуна таандык компаниянын ишмердүүлүгүнө көңүл бурууга чакырган. Буга жооп катары Зеленский Киев тергөө иштерин баштай турганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM