Марал Радиосу

Эрназар U23 дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшөт

Кыргызстандын эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт.

65 кило салмакта күч сынашып жаткан Эрназар жарым финалда япон балбаны Такума Таниямага 3:4 эсебинде жеңилип калды.

U23 дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Венгриянын борбору Будапешт шаарында өтүүдө.

Эрназар квалификациялык этапта орусиялык Руслан Шендаевди, 1/8 финалда АКШлык Жайдин Селсор Айрманды жеңди. Ал эми чейрек финалда жергиликтүү венгр балбаны Роман Ашаринди уткан болчу.

(Сүрөттө: Эрназар АКШ балбанын 4 упайлык ыкма менен көтөрүп чаап жаткан чагы)