Биз менен байланышыңыз

Асанбеков: саясий маселелерди коммерциялык жол менен чечүүдөн алысмын

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Окт 2019 | 566 | 0
Sputnik Кыргызстан

«Мекен ынтымагы» саясий партиясын 9 пайыздык босого упай менен парламенттен көрүү оор эмес. Бул тууралуу аталган партиянын төрагасы Темирбек Асанбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, айрым партияларга элдин добушун сатып алуу үчүн каржы ресурсу керек.

«Мен саясий маселелерди коммерциялык жол менен чечүүдөн алыс болгом. Биздин партияда интеллигенциянын катмары өтө күчтүү. Алардын кадыр-баркы эртеңки күнү эл алдында иш аткарууга мүмкүнчүлүк берет. Биздин партиянын программасын түшүнгөн адамдар үчүн эшигибиз ачык, коомдук кызыкчылыкты коргогондор менен идеянын негизинде биригүүгө даярбыз», — дейт Асанбеков.

Анын баамында, парламентке 50 миң добуш менен келген майда топтор мамлекеттик кызыкчылыкты жеке кызыкчылыктарына алмаштырып жибериши мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM