Марал Радиосу

Асанбеков: чакан «байлыгымды» түптөп алган саясатчымын

Айрым саясатчылар шайлоо процесстерине келгенде көз карандысыздыгын, идеялык багытын унутуп, бийликке умтулат. Алар жеке кызыкчылыкты жогору баалап жиберишет. Мындай пикирин «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Асанбеков 2010-жылы акчалуу, бирок саясаттагы тажрыйбасы кем болгондугун, учурда, тескерисинче, каражаты азайса да, ар бир аймакта пикирлеш адамдары бар экенин айтат.

«Пикирлештерим — менин байлыгым. Партиялаштырымдын иш-аракети — мен үчүн чоң байлык. Учурда чакан байлыгымды түптөп алган саясатчымын. Адам саясатчы болордо оор чечим кабыл алат. Жеке ишмердигин токтотпосо, эч качан саясатчы боло албайт. Саясатчы – адилеттүүлүктүн булагы. Ошондуктан 2010-жылы бизнес ишмердүүлүгүмдөн баш тарткам. 9 жылда Кыргызстанда бир да тойкана салган жокмун», — дейт Асанбеков.