Марал Радиосу

Айтматов атындагы жаштар сыйлыгын ыйгарууга комиcсиянын курамы бекитилди

Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча Мамлекеттик комиссиянын курамы бекитилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссия ушул жылдын 8-ноябрына чейинки мөөнөттө талапкерлерге сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө чечимди кабыл алышы зарыл.

Эске салсак, Чынгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгы 2000-жылы негизделген.

Сыйлыктын негизги максаты — республиканын мыкты чыгармачыл күчтөрүн аныктоо. Ошону менен бирге, мекенчилдик маанайда жаштарды тарбиялоочу чыгармалардын пайда болуусуна көмөк көрсөтүү. Демократиялык кайра түзүүлөргө багытталган чыгармалар аркылуу салттуу, адеп-ахлактык, маданий, көөнөрбөс баалуулуктарды өнүктүрүүгө, аларды сактоого чакыруу. Ошондой эле, жаш муунду гуманизмге жана рухий дене бой жактан тарбиялоо принцибин бекемдөө болуп  эсептелет.

Сыйлык 11 номинация боюнча эки жылда бир жолу ыйгарылат.