Марал Радиосу

Зулпукаров: мүмкүнчүлүгү бар чиновниктер көбүрөөк салык төлөшү керек

Ашкере байлыкка салык. Башкача айтканда, мүмкүнчүлүгү бар чиновник жана бизнесмендер көбүрөөк салык төлөшү керек. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынында билдирди.

Ашкере байлыкка салык деген бар. Ошону сиздер күчөтүңүздөр. Мүмкүнчүлүгү бар чиновник жана бизнесмен көбүрөөк салык төлөшү керек. Бирок жалпы элге жайылтылбагандай болушу абзел. Муну эске алыңыздар”, — деп сунуш кылды Зулпукаров.

Депутат күйүүчү майды чек арадан ташып өтүүдө мыйзамдагы жылчыктардын кесепетинен улам, бюджетке миллиард сомдон ашык акча түшпөй калып жатканын кошумчалады.