Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум уланууда. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.
Сот залында мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдон башка бардык айыпталуучулар соттук отурумга катышууда. Сапар Исаков буга чейин соттун «сот залына мажбурлап алып келүү» чечимине карабай, кароолдук жайдан чыкпай койгон.
Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.
Мындан улам, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Коррупция» беренелери боюнча айып тагылууда.