1-декабрдан тарта өлкөдөгү жогорку жана кесиптик орто окуу жайларда маалымкаттарды берүү “бирдиктүү терезе” режиминде автоматташтырылат. Негизги артыкчылыгы – студенттер бюрократиялык тоскоолдуктардан кутулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин ушул кагаздарды алуу үчүн студенттер бухгалтерия, студенттик/кадрлар бөлүмдөрү, деканат, китепкана, архив, жатакана, паспорттук бөлүм жана башка бөлүмдөргө кайрылып чыгышчу. Эми бул система аркылуу студенттин карызы болуп, же ага башка дооматтар коюлбаса эле, маалымкат дароо колуна тиет. Көйгөй жаралган учурда кайрылуучу маселени чечүү үчүн тийиштүү бөлүмгө гана барат. Кийинки кадамдар автоматташтырылган режимде улана берет.
Автоматташтырылган системанын пайдасы – убакыт жана ресурстар үнөмдөлөт, бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлат, коррупция сыяктуу мыйзамсыз иштердин алдын алат.
Билим берүү министрлиги окуу жайларга ушул кызматтарды көрсөтүүчү түзүмдүк бөлүмдү аныктоо, анын толук дареги тууралуу маалыматтарды жайылтуу тапшырмасын берди.
Аида
28.10.2019 18:40
😘😘😘😘